10-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграциялык кеңештин катчылыгына 50 өкүл тандалып алынды. Алардын 28и Орусия мамлекетинен шайланды. Бул маалыматты аталган катчылыктын жетекчиси Медер Рахман «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, биринчи топтун жыйынына 17 мамлекеттен гана өкүлдөр катышкан. Маалыматтан тыш, укпай калгандар үчүн жакынкы аралыкта экинчи жыйын өткөрүлөт. Мындагы башкы максат: мамлекет менен чет өлкөдөгү мекендештердин, диаспоралардын ортосуна көпүрө куруп, пикир алышууга аянтча түзүп берүү.
«Көпчүлүк учурда «Биз эмне иш кылабыз, бизде график болобу, атайын программа болобу?» деп сурашат. Бул — мурунку СССРден калган түшүнүк. Азыр биз жогорудан ылдыйга эмес, ылдыйдан жогоруга карай иштешибиз керек. Алар жер-жерлердеги мекендештердин көйгөйүн бизге жеткирип турса, биз Жогорку Кеңештин алкагында же болбосо тиешелүү мамлекеттик мекемелерге парламенттин атынан сунуштама берүү аркылуу чечкенге болгон күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди миграция жетекчиси.
Ал ошондой эле кеңешке кирген өкүлдөр өзү иштеген өлкөдөгү мигранттар менен жыйын уюштуруп, эреже-талаптарга ылайык иш алып барышарын кошумчалады.
Айдай Бакытбек кызы