Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кол койгонун парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Алайбек Алымбаев 2006-2008-жылдары Жогорку Кенештин аппаратынын социалдык саясат комитетинин жана эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча комиссиясынын бөлүмүнүн улук консультанты, билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин бөлүмүнүн консультанты кызматтарын аркалаган;
2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын жардамчысы;
2016-2021-жылдары “Республика-Ата журт” фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт;
2021-жылдын октябрынан декабрына чейин “Республика-Ата журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы депутат болгон.