Марал Радиосу

Экс-депутат парламенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болду

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кол койгонун парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Алайбек Алымбаев 2006-2008-жылдары Жогорку Кенештин аппаратынын социалдык саясат комитетинин жана эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча комиссиясынын бөлүмүнүн улук консультанты, билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин бөлүмүнүн консультанты кызматтарын аркалаган;

2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын жардамчысы;

2016-2021-жылдары “Республика-Ата журт” фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт;

2021-жылдын октябрынан декабрына чейин “Республика-Ата журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы депутат болгон.