Марал Радиосу

Бишкекте кандагы кантты бекер текшерүү акциясы өтүүдө

Бүгүн, 14-ноябрь дүйнөлүк кант диабети менен күрөш күнү. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору канттагы канды текшерүү акциясын өткөрүүдө.

“Бишкек Парк” соода борборунда жарандар кандагы канттын деңгээлин, кан басымын бекер өлчөп, эндокринологдон кеңеш ала алат.

Иш-чара 14-15-ноябрь күндөрү саат 10:00дөн 13:00гө чейин өтөт.

Кант диабети үчүн кан анализи ач карын кабыл алынат.

Дүйнөлүк саламакттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2019-жылы кант диабетине кабылгандардын саны (20-79 жаштагылардын арасында) 463 миллионго жеткен. Анын негизги фактору — ашыкча салмак жана туура эмес тамактануу.

Ал эми Кыргызстанда жаш балдардын арасында кант диабетине чалдыккан учурлар көбөйүүдө. Анткени өндүрүүчүлөр таттууларга бир гана кумшекерди кошпостон, даам күчөткүчтөрдү, консерванттарды, боёкторду да аралаштырып жатышат.

Кант диабетинин келип чыгуу себептери, дарылоо жана алдын алуу жолдору, ооруну өрчүтпөй турган азыктардын тизмеси жана кандай диета керектиги туурасында Бишкек шаарынын башкы эндокринологу Назгүл Абылова «Маралга» маек курган. Төмөнкү шилтемеде кененирээк.

Кант диабети. «Кыргызстандыктар фаст-фуддан тамактанып, ширин суусундуктарды көп ичет»