Марал Радиосу

Зеленский: Бүгүн тарыхий күн — биз Херсонго кирдик

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия тарабынан оккупацияланган Херсон облусун украин аскерлери тарабынан кайтарылып алуусуна байланыштуу бүгүн, 12-ноябрда билдирүү жасады.

«Бүгүн тарыхый күн — биз өлкөнүн түштүк тарабына кайттык», — деп билдирген Зеленский.

«Азырынча биздин мекен коргоочуларыбыз шаар четинде. Өтө аз убакыт калды, биз шаарга кирүүнү баштайбыз. Бирок атайын аскер бөлүктөрүбүз эбак эле шаар ичине кирген», — деп кошумчалаган.

Ал учурда Орусия көзөмөлдөп турган башка шаарларды да Украина дал ушинтип кайтарып аларын айтып, бизди күткүлө деп убада берди.

Украинанын Херсон, Донецк, Луганск жана Запорожья аймактарын Москва сентябрь айында референдум деп аталган жараяндын негизинде өз курамына кошкон. Ага Орусия президенти Владимир Путин кол койгон. Ал эми Украина аскерлери Херсонду кайрадан курчаганда орусиялык аскерлер аталган шаардан чегинүүгө мажбур болду. Бул Орусия армиясы Днепрдин сол жээгинен чегинди дегенди түшүндүрөт.