Марал Радиосу

«Жашыл экономика үчүн өлкөдө кеминде 100 миң электромобиль болушу керек»

Кыргызстанда бүгүнкү күнү миңге чукул электромобил катталган. Бул өлкөдөгү жалпы унаанын 0.01%ын түзөт. Мындай маалымат кечээ, 11-ноябрда Бишкекте өткөн «Жашыл экономика — 2022» форумунда айтылды.

Аталган форумда электромобилдик унаалардын көбөйтүүнүн жолдору талкууланган жыйынга төрагалык кылган Элдар Абакиров талкуу тууралуу буларга токтолду:

“Кыргызстанда электромобиль өтө аз, миңдин тегерегинде эле. Биз кеминде 100 миң электромобиль алсак, ошондо «бизде электромобиль бар» десек болот. Ал үчүн эмне кылыш керек? Бизде узак мөөнөттүү насыялар жок. Бийлик ислам вариантында арзан каражат бөлүп бериши керек. Эмнеге бөлүп бериши керек? Анктени, биз муну кылбасак, кир аба менен дем алып, ошол элек акча дары-дармекке кетет, бензинге кетип калат”

Жашыл экономиканы колдоо максатында Кыргызстан электромобилдер үчүн бажы төлөмдөрүн жана кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Абакиров өлкө жыл сайын миллиард доллардан ашык каражатка күйүүчү май колдонорун айтат.