Марал Радиосу

Статистика: курулуш, айыл чарба тармагында өсүү байкалды

Ушул жылдын 9 айында ички дүң өндүрүш 689 млрдка жакын сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымат жыйында маалымдады. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7 пайызга көп. Мындан сырткары ушул жылы өлкөнүн товарларынын тышкы жана ички соодасынын көлөмү 8 млрддан ашык долларды көрсөттү. Былтыркы жылга салыштырмалуу 35 пайызга көбөйдү. Ошону менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 38 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 1,8 эсеге жогорулады.

Бүгүн Улуттук статистика комитети тарабынан өткөрүлгөн маалымат жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары, өткөн жылдагы айлана-чөйрөнүн абалы, 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн тышкы жана өз ара соодасы жөнүндө маалыматтар айтылды.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, өткөн жылдын 9 айында ички дүң өндүрүштүн көлөмү 641 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга көбөйгөнүн билдирди.

«2022-жылдын январь-октябрында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 338 миллиард сомго жакынды түздү жана негизги металлдарды 32,1 пайызга, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин продукцияларын 30,7 пайызга, мунайзат азыктарын 12,8 пайызга, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын 11,9 пайызга, текстиль өндүрүшүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды 5,5 пайызга өндүрүүнүн, ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен өткөн жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 14,3 пайызга көбөйдү».

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, курулуш жаатында да өсүүлөр байкалган. Мында көлөмдүн көбөйүшү 5 пайызды, айыл чарбасында 6,7 пайызды, дүң жана чекене соодада 7,3 пайызды көрсөттү.

Мекеменин Тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Сулайманова быйыл Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосундагы соодасынын эң чоң үлүшү Орусия жана Казакстан менен болгонун айтты.

«Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-сентябрында 3,1 млрд АКШ долларын түздү. 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 30 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 45 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 25,3 пайызга көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга 70,1 пайызы жана Казакстанга 27,6 пайызы туура келди».

Мындан тышкары маалылмат жыйында өткөн жылдагы айлана-чөйрөнүн абалы тууралуу да сөз болду. Мекемеге караштуу Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын жетекчиси Назира Керималиева өлкөнүн калкынын 75 пайызга жакыны сейсмикалык жактан кооптуу категорияга кирген жерлерде жашашын айтты.

Өткөн жылы ар түрдүү мүнөздөгү 49 өзгөчө кырдаал катталган.

Өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрүнөн тарткан экономикалык зыян 1,9 млрддан ашык сомду түздү.

«Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу кооптуу табигый кырсыктарга дуушар боло турган мамлекет болуп саналат. Кыргызстанда сейсмикалык жактан кооптуу категориясына кирген 80ден ашык ири калктуу конуштар бар. Алар жер титирөөлөр мүмкүн боло турган чөлкөмдөрдө жайгашкан. Бул жерлерде өлкөнүн 75 пайызга жакын калкы жашайт. 2021-жылы ар түрдүү мүнөздөгү 49 өзгөчө кырдаал катталып, натыйжада 190 адам каза болду. Коронавирус пандемиясында каза болгондорду эске албаганда».

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 9 айда өлкө боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүүсү 12 пайызды түздү. Муну менен бирге баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына 19,4 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 13,1 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 10 пайызга өстү. Ал эми калкка көрсөтүлө турган кызматтардын тарифтери 8 пайызга жогорулады.

Exit mobile version