Марал Радиосу

Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болду

Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Тийиштүү чечим бүгүн Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан уюмдун саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды.

Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргызстандын Израилдеги элчиси кызматын ээлеген.

Уюмдун башкы катчысы үч жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин бул кызматты Түркиянын өкүлү Х.Акынжы Азербайжандын өкүлү Р. Гасан, Казакстандын Багдад Амреев ээлеп келген.

Exit mobile version