Марал Радиосу

Бишкекте 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган жигит куткарылды

Бишкек шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары куткарып калышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 10-ноябрда Октябрь районунун 12-кичи районунда жайгашкан үйдүн 9-кабатындагы батирдин терезесинен 1990-жылы туулган Д.Х. аттуу жаран секирип, өз өмүрүн кыйууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, ошол эле учурда альпинисттик шаймандар менен көп кабаттуу үйдүн чатырынан батирдин терезесине түшүп, анын өмүрүн сактап калышкан.

Секирүүгө аракет кылган жаран эч кандай жаракат алган эмес.