Марал Радиосу

BIF: Пандемиядан бери эң алгачкы ири бизнес иш-чара

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарындагы Дасмия этно-комплексинде Бишкек инвестициялык форуму (BIF) жана «Жашыл экономика – 2022» аймактык форуму өтүүдө.

BIF — бул Борбор Азия үчүн чоң, позитивдүү иш-чара. Ишкерлер үчүн бул абдан керек болчу. Мындай пикирин ишкер Улук Кыдырбаев форумда сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында 1300дөн ашык ишкер бир жерге чогулду. Мындан улам ЖИА Бизнес ассоциациясынын бул аракетин мамлекет колдоого алып, үлгү да алышы керек.

«Ошондой эле, Борбор Азия ишкерлери үчүн эң негизги маселе чек ара экенин, мамлекет ушуну гана чечсе, калган аракеттерди ишкерлер улантып кетет», — деп билдирди Кыдырбаев.

Форумга 1500дөн ашуун катышуучу анын ичинде: 10 өлкөдөн бизнес-делегация, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан ишкерлер жана стартап ээлери, 500 потенциалдуу инвесторлорлордун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле түрдүү багытта ийгиликтүү иш алып барган 80ге жакын жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын товарларынын жана кызматтарынын көргөзмөсү уюштурулат.

Бишкек инвестициялык форуму (BIF) 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Борбордук Азиядагы ири бизнес жана инвестициялык форумдардын бири болуп саналат.

Эртең, 11-ноябрда Борбор Азиядагы жашыл экономиканы өнүктүрүүгө арналган «Жашыл экономика – 2022» аймактык форуму өтөт. Форумдун негизги максаты бизнес байланыштардын потенциалын түзүү жана жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана Борбор Азия аймагын глобалдык деңгээлде жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн туруктуу платформа катары илгерилетүү үчүн бирдиктүү позицияларды иштеп чыгуу болуп саналат.

Форум ийгиликтүү спикерлерден, пленардык  талкуу,  көргөзмө, айым ишкерлердин ишмердүүлүгү, инвестиция тартуу, 20дан ашуун кызыктуу инвестициялык долбоорлор, инвестиция үчүн компанияларды баалоо боюнча мастер-класстар менен коштолот.

BIF: Борбор Азиядагы бизнестин интеграциясы жана тамак-аш коопсуздугу талкууланат