Марал Радиосу

Бишкек шаардык сотунун судьясы Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары токтотулду

Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмазбек Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары токтотулду. Тиешелүү жарыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Президенттик администрациядан маалымдашты.

«Бишкек шаардык сотунун судьясы Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитовичтин ыйгарым укуктары токтотулду жана ал курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан 2022-жылдын 14-ноябрынан тартып бошотулду», — деп айтылат маалыматта.