Марал Радиосу

Блогер Атай Бейшенбек камакта калтырылды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык соту блогер, жарандык активист Атай Бейшенбектин камалышынын мыйзамдуулугун карады.

Анын бөгөт чарасы аныкталып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылды. 25-октябрда Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Блогер массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган, бирок өзүнө коюлган айыпты четке кагып, сот чечимин мыйзамсыз деп келет. Атай Бейшенбек «Кемпир-Абадды коргоо» комитетине мүчө эмес.

Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 20дан ашык саясатчы жана жарандык активистти кармаган.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын арасынан Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, Перизат Суранова, Али Шабдан, Таалайбек Мадеминовдун да камактагы мөөнөтү узартылды.