УКМКнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн жаңы имараты курулду

Бүгүн, 9-ноябрда УКМКнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Бул тууралуу Регион каналы жазды. Ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан. Ошондой эле, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилери, өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы чакырлыган. Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөнү айтылат.