Марал Радиосу

Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Сосновка бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» ишканасынан кабарлашты.

Аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы бетине токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Анын негизинде аларга чектөө киргизилет. Ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, чынжырчаларды жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат.

8-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаады.