Марал Радиосу

Кыргыз-түрк ички иштер министрликтери кызматташуусун бекемдейт

Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

ИИМдин жетекчиси белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Эл аралык кызматташууга чоң маани берет.

“Дүйнөнүн глобалдашуусунун шартында Кыргыз милициясы ар дайым кылмыштардын бардык түрлөрү — экстремизм, баңгизат жана кибер кылмыштар менен күрөшүүдө эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр жана анын негизги милдети эки өлкөнүн жарандарынын тынч, бакубат жана коопсуз жашоосуна көмөк көрсөтүү болуп саналат”, — деди Улан Ниязбеков.

Түркиянын ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуунун жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтер ортосундагы өз-ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Улан Ниязбеков Ички иштер министрлиги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз-ара кызматташуунун андан ары кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.