“Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду 13-ноябрда саат 13.00дөн 18.00гө чейин “Мээримдүү тыйын” акциясын өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Биринчи жолу 2015-жылы “Мээримдүү тыйын” акциясы уюштурулуп, ийгиликтүү өткөргөн.
Он бешинчи жолу өтүп жаткан акция Dordoi plaza соода борборунда өтөт.
Жыл сайын бул чоң иш-чарада 250 000 сомдун ашуун акча жыйналып, Фонддун катттоосунда турган жүрөк ооруу операцияларына даарыланууга жумшалат.
Акциянын жүрүшүндө Кыргызстан боюнча 80 ден ашуун баланын өмүрү сакталган.