Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы 2017-жылы жарыяланган.
Бул күндү белгилөөнүн максаты 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө, февраль жана октябрь революциялары, 1937-38-жылдардагы кыргыз интеллигенциясын репрессияланышы жана кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү болуп саналат.
7-8-ноябрь эс алуу күнү болуп эсептелет. Бул күнү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасирин тийгизген тарыхый окуялар, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүү менен байланышкан иш-чаралар уюштурулат.
Үркүндө дайынсыз кеткен атага 25 жылдан бери «эгемендүүлүктө» жашаган чебересинен кат