Марал Радиосу

Октябрь айында Орусиядан 15 кыргызстандыктын сөөгү келди

Ушул жылдын октябрь айында Орусиядан Кыргызстанга 15 мигранттын сөөгү жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Элчилик сентябрь айында 21, августта 31 кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирген.

Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, өткөн жылы Кыргызстанга четтен 540 «Жүк-200» келген. Ал эми быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди. Ага бюджеттен 45 миллион сом сарпталган.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенге жеткирүү үчүн 70 миң рублдан жардам берет.