Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист Санрабия Сатыбалдиева «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча кармалганын кабарлады.
Маалыматка караганда, жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
«3-ноябрда 2000 долларын өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалды. Кылмыштын негизги аткаруучусу болуп «МИР24.kg» маалымат порталынын башкы директору С.С.К. болуп саналат. Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшкөндүгү үчүн шектелип маалыматтык порталдын оператору Б.у.К. кармалды» , — деп айтылат маалыматта.
ИИМ азыркы учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Кармалган жарандар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын 2 жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында журналисттин ден соолугуна коркунуч бар.