Кыргызгидромет билдиргендей, 5-ноябрда түнкүсүн айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз күн ачык болот. Батыштан келшен шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14,
Талас облусунда түнкүсүн +4…+6, күндүз +9…+11,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +9…+14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13,
Нарында түнкүсүн -4…1 , күндүз +5…+10.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +12…+14.