Марал Радиосу

Өкмөт электр унааларды кубаттоочу станцияларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды карайт

Өлкөдө электр унааларын кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электромобилдерди пайдаланууну жайылтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун курамына бир катар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлери кирди. Жетекчиси болуп Президентин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов дайындалды.

Бир айда электр унааларды кубаттоочу станцияларды куруу боюнча сунуштар каралып, иш-чаралардын планы түзүлүшү керек.

Бишкекте бүгүнкү күндө жеке компаниялар электр унааларын кубаттоочу станция ачып, иштетип жатышат. Алар шаардагы соода борборлорунун жер төлөсүңдө жана сыртында жайгашкан. Айдоочулар бул жайларга атайын картанын негизинде гана кире алат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өткөн жылдын он айында Кыргызстанга жүздөн ашык электромобиль унаасы алып келинген. Электромобилдер көбүнчө Кытайдан, АКШдан, Литва өлкөлөрүнөн алып келинет.