Марал Радиосу

Өлкөдө аялдар менен балдардын көпчүлүгү жетиштүү азыктанбайт

Үч ай мурун Саламаттыкты сактоо министрлиги бир нече эл аралык уюм менен биргеликте Кыргызстандагы аялдар менен балдардын тамактануусунун абалы боюнча алгачкы ири масштабдагы изилдөөнү жүргүздү.

Ага жалпысынан бардык аймактардан 3,5 миңдей үй чарбасы камтылды. Кандын үлгүлөрү Германиянын, Иорданиянын жана Танзаниянын сертификатташтырылган лабораторияларында текшерилди. Изилдөө аяктап, 3-ноябрда анын жыйынтыктары жарыяланды. Ага ылайык, Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын аз кандуулугу коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү катары аныкталды. 

Кыргызстандагы аялдар менен балдардын тамактануусунун абалы боюнча алгачкы изилдөө 5-59 айлык жана 5-9 жаштагы балдардын, 10-19-жаштагы өспүрүм кыздардын жана төрөт курагындагы 15-49 жаштагы аялдардын жана кош бойлуулардын тамактануусундагы микроэлементтердин жетишсиздигин, дагы башка көйгөйлөрүн аныктоо үчүн иштелип чыккан.

Изилдөөнүн негизги максаты –аз кандуулук, темир жетишсиздиги, А витамининин жетишсиздиги, ошондой эле балдардын, өспүрүм кыздардын жана аялдардын арасындагы жетишсиз же ашыкча салмак сыяктуу тамактануунун бузулушун максаттуу таралышын аныктоо болуп саналат.

“Мерсико” эл аралык уюмунун өкмөттүк органдар менен иштетүү боюнча менеджери Садат Саттарова изилдөөнүн жыйынтыгында аялдар жана балдар көбүнчө кайсы оорулардан жапа чегерине токтолду.

“Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, балдар, өспүрүм кыздар жана аялдардын арасында анемия көп кездешкени жана темирдин жетишсиздиги, ошондой эле аялдарда фолий кислотасынын тартыштыгы коомдук саламаттыкты сактоодогу олуттуу көйгөй бойдон калууда. Кош бойлуу аялдардын 50 пайыздайы анемия менен жабыркайт, бул энелердин жана неонаталдык өлүмдүүлүктү жогорулатат. 6 айдан 5 жашка чейинки балдардын 47 пайызы темир жетишсиздигинен жабыркайт, бул болсо алардын физикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Аялдардын жана өспүрүм кыздардын басымдуусу — 86 пайызы фолий кислотасынын жетишсиздигинен жабыркайт. Болочоктогу энелердеги фолий кислотасынын тартыштыгы түйүлдүктүн баш мээсинин жана жүлүнүнүн өсүшүндө кемтиктерге алып келиши ыктымал”.

Изилдөөнүн негизинде өлкөдөгү аялдардын 44 пайызы семирүүдөн жана ашыкча салмактан жабыркайт, аларда D витамини жетишсиз экени аныкталган.

Чогултулган маалыматтарга ылайык, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарындагы көптөгөн үй чарбалары азыктын жетишсиздигин сезишет. Бул көйгөй негизинен жакырчылыктан улам келип чыгууда.

Дагы бир жагдай, изилдөөнүн алкагында өспүрүм кыздарда, кош бойлуу эмес жана кош бойлуу аялдарда йоддук статус нормалдуу деп табылды. Бул – өлкөдө тузду йоддоштуруу программасы жакшы иштеп жатканын көрсөткүчү.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Турсун Мамырбаева изилдөөнү жүргүзгөндөрдүн бири. Ал дээрлик бардык оорулар туура эмес тамактануудан келип чыгарын белгиледи.

Дарыгер ар бир жаран күнүнө 5 керектүү азыктарды жеп турушу зарылдыгын айтты:

“ Күндө беш азыкты жеп туруу зарыл: сүт азыктары, эт азыктары, жашылча жемиштер, мөмө жемиштер жана дан азыктары. Бул азыктарга көбүнчө көңүл бурулбайт. Бизде болсо көнүп калган эле нан менен картошканы жей беришет, пайдалуу азыктарды аз алышат. Азыр эт аябай кымбаттап кетти, бирок буурчактын (фасоль) баасы кымбат эмес. Ошону күндө жеп керектүү микроэлементтерди алса болот. Мындан сырткары, жашыл жалбырак (листья салата), жашыл пияз, укроп, петрушканы жебейбиз. Булар болсо арзан бирок өтө пайдалуу”.

Изилдөөнүн алкагында туз менен ун улуттук мыйзамдарга ылайык жетиштүү деңгээлде байытылганы текшерилген. Калктын 98 пайызы йоддолгон тузду колдонот. Ал эми ун улуттук стандарттарга шайкеш деңгээлде байытылган эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Ал туз менен унду байытуу азыктандыруучу микроэлементтердин жетишсиздигинин алдын алуунун жөнөкөй жана арзан ыкмасы болуп саналарын кошумчалап, өлкөдө байытылган ундун колдонулушун көбөйтүү үчүн чаралар көрүлөрүн айтты.

“Бүгүнкү күндө биздин техникалык регламентте: “Байытылган ун болсун” деген талап жок. “Бизде байытылган ун жок, ансыз эл арасында көптөгөн кооптуу оорулар пайда болот” деп биз Бажы союзуна кайрылалы деп турабыз. Ошол техникалык регламентте: “Кыргызстанда байытылган ун колдонулушу зарыл” деген өзгөртүүнү киргизүү керек. Ошондо биз Казакстандан келе жаткан ундарга да бөгөт кое алабыз”.   

Талдоочулардын айтымында бүгүнкү күндө жарандар байытылган унду гана колдонушу шарт. Ал үчүн дүкөндөрдө сатылып жаткан ундун курамына көңүл буруп, “байытылган” деген жазуусу бар болгон гана сатып алууга болот. Өндүрүүчүлөр да байытылган унга суроо талап жогору болгонун байкап, пайдалуу азыкты өндүрө башташат.

Изилдөө үчүн үлгүлөр Германиядагы VitMin, Иорданиядагы BioLab жана Танзания тамак-аш азыктары жана тамактануу борбору сыяктуу эл аралык деңгээлде сертификацияланган лабораторияларга жиберилди. Ун менен туздун бардык үлгүлөрү Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпмидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан текшерилди.

Уюштуруучулардын билдиришинче, изилдөө өлкөдөгү ден соолук абалын жакшыртуу үчүн тамактануу жана саламаттыкты сактоо тармагындагы саясатты калыптандырууга жардам берет.

Exit mobile version