Марал Радиосу

Үч балалуу аял 6 миң сом уурдаганы үчүн камалдыбы? Сот депутатка жооп берди

Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы пленардык жыйынында депутат Жанар Акаев депутаттар тобу менен СИЗО-1ге барганын жана 3 балалуу аялдан кабар алганын билдирди. Ал ал алты миң сом уурдаганы үчүн камакта экенин, соттук отурумдар болсо тынымсыз жылдырылып жатканын айткан.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту маалымат таратып, Т.М.Т. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

27-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасоо, жалпы суммасы 17 000 сомдук мүлктү уурдоо боюнча айыптоо боюнча иш сотко келген, отурум 2022-жылдын 4-ноябрына белгиленген.

Бул кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан 2022-жылдын 26-сентябрында козголгон.

10-октябрда айыпталуучу Т.М.Т. Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге бир айлык мөөнөткө, башкача айтканда 2022-жылдын 8-ноябрына чейин жайгаштырылган. Баш коргоо чарасын кароо учурунда айыпталуучунун өздүгүн тастыктаган документи жок болуп, ага байланыштуу камакка алынган.  Баш коргоо чарасын белгилөө чечими даттанылган эмес.

«Жанар Акаев айткан соттолуучунун үч баласынын экөө жашы жете элек жана ажырашкандан кийин атасы менен чогуу жашап жашашат, ал эми Т.М.Т. алардан өзүнчө жашаган» , — деп айтылат соттун маалыматында.