Марал Радиосу

«Кыргыз темир жолу»: Быйыл 9 айда 300 миңге жакын жүргүнчү ташылды

«Кыргыз темир жолу» ишканасы 2022-жылдын 9 айы ичинде 271 461 жүргүнчү ташылганын кабарлады.

Анын ичинен 73 миң 851 жүргүнчү эл аралык каттамдар менен, 197 миң 610 жүргүнчү ички каттамдар менен ташылган.

Эл аралык каттамдар ушул жылдын 6-июнунан тарта жанданып, июнь айынан сентябрга чейин жалпысынан 73 851 жүргүнчү ташылган:

Бишкек-Самара каттамы боюнча 27 644 жүргүнчүнү ташылган, жумасына эки жолу каттайт.

Бишкек-Казан каттамы боюнча 25674 жүргүнчү ташылган, жумасына бир жолу каттайт;

Бишкек-Новосибирск каттамы боюнча 20533 жүргүнчү ташылган, 8 күндө бир жолу каттайт.

Ал эми өлкө ичинде жалпысынан 197 610 жүргүнчү ташылган:

Шаар четиндеги «Бишкек-1 – Токмок» багыты боюнча 55 002 жүргүнчү, күнүгө каттайт;

«Бишкек-2-Кайыңды» багыты боюнча 123 424 жүргүнчү, күнүгө каттайт;

«Бишкек-2 – Рыбачье» багыты боюнча жалпысынан 19 184 жүргүнчү, анын ичинен 917 жүргүнчү модернизацияланган вагон менен ташылган.