Марал Радиосу

Ош: Милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды

Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.у.А. жана А.Ж.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

1-ноябрга караган түнү ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте кылмыш ишти оң жака чечип берем деп 120 миң сом талап кылган Кара-Кулжа РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.у.А. жана А.Ж.А аттуу кызматкерлер 50 миң сом өлчөмүндө пара алууга шектелип кармалды.

Азыркы учурда, кармалгандар УКМКнын Ош шаардык жана Ош областтык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.