Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында депутаттар өлкөдөгү акыркы болуп жаткан окуяларга байланыштуу билдирүүлөрдү жасашты. Алар саясий, социалдык жана экономикалык маселелерди көтөрүшүп, бийлик өкүлдөрүнө сунуш жана сын-пикирлерин айтышты. Жыйында Кадырбеков Кемпир-Абад боюнча макулдашууга добуш берүүгө катышкан эместигин айтып чыкты. Мындан улам Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жабык эшик артында өткөн тармактык комитеттин отурумунун легитимдүүлүгү суроо жаратты.
Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков фракциянын 10 мүнөттүк мөөнөтүн алып, жогорку трибунадан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Кайрылуусунда президенттен Кемпир-Абад маселесине мораторий киргизүүнү суранды.
Ал Кемпир-Абад маселеси боюнча шашылуунун кереги жоктугун, бул маселени кийинкиге калтыруу керектигин белгиледи.
«Бул маселеге көпчүлүк кыжалат болуп турат. Беш жылга мораторий киргизип, ойлонбойлубу. Ошондуктан бул маселени карабай элек койсок деп суранат элем. Канча адамдардын назарына калбай, ушул чечимди кабыл албай эле койолучу. Мен мамлекеттин башчысынан суранат элем, сизди шайладык эле, дагы алдыда саясатыңызды колдойлу, ушул өтүнүчүмдү эки кылбай бир карап көрсөңүз.Ошондуктан ушунча элдин жүрөгүн оорутуп, бул маселени карабай, токтотуп турсак жакшы болот эле. Шашкан шайтандын иши».
Ошондой эле ал парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 31-октябрдагы отурумунда «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбооруна маданияттуу каршылык кылып, добуш бербей чыгып кеткендигин билдирди.
Кадырбековдун кайрылуу жасоосуна социалдык тармактарда ага карата нааразычылык билдирип, аны «комитеттин жыйынынан чыкпай, кворум түзүп берди» деген айыптоолор себеп болгон.
Мындан улам Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жабык эшик артында өткөн тармактык комитеттин отурумунун легитимдүүлүгү суроо жаратып жатат. Дүйшөмбүдөгү комитет жыйынына 11 депутат катышып, алардын ичинен 4 депутат протест катарында жыйындан чыгып кеткен. Алар Чыңгыз Айдарбеков, Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков жана Эрулан Кокуловдор.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жалпы 14 депутат мүчө. Кворум болушу үчүн жыйынга эң аз 8 депутат катышуусу керек болот. Ошентип комитеттин кезектеги жыйынында кворум болгон эмес, — дейт эксперттер.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев акыркы учурда депутаттар арасында жыйындардан добуш бербей чыгып кетип жаткан окуялар көп катталып жатканын сынга алып, кандай маселе болбосун, «каршы» же «макул» деп добуш берүүгө чакырды.
«Төрага катары бир кайрылуум бар. Акыркы убактарда парламенттин трибунасынан жалындуу, кооз сөздөрдү сүйлөп, бирок добуш берүүгө келгенде добуш бербей чыгып кеткен депутаттар бар. Мен сиздерди «каршы» же «макул» деп добуш берүүгө чакырат элем. Жоопкерчиликти дагы алыш керек. Биздин шайлоочуларыбыз добуш бербей чыгып кет деп шайлаган эмес. «Каршы бол» же «макул бол» деген талап бар. Андыктан биз депутаттык милдетибизди так аткарсак».
Депутат Ырысбек Атажанов 31-октябрдагы отурумда макулдашууга жети депутат «макул» добуш бергендигин, ал эми төрт депутат добуш бербей чыгып кеткендиктен, алардын добушу «каршы» добуш катары эсептеле тургандыгын билдирди.
«Негизи биздин комитетте 14 мүчө бар. Алардын үчөө ошол күнү чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланышуу келбей калды. Жыйынга 11 депутат катышып, төртөө чыгып кетти. Биз жетөөбүз «макул» деп добуш бердик. Ал чыгып кеткендер «каршы» добуш бергенге кирет. Баарыбызды Кудай көрүп турат. Ким мамлекетке чыккынчылык кылса, эртеби-кечпи сөзсүз жооп берет. Ошондуктан ар бир депутат конкреттүү түрдө чечим кабыл алышы керек. Же макулдугун же каршылыгын билдириши керек «.
Ал эми депутат Исхак Масалиев билдиргендей, мыйзам боюнча чечим кабыл алууда жыйынга катышкан депутаттар көпчүлүктү түзүп, башкача айтканда жарымынан көбүнүн катышуусу менен өткөндө гана легитимдүү болот.
«Жыйын жарымынан көбү катышкан учурда легитимдүү болот. Төрт депутат катышпай чыгып кеткенден кийин жок дегенде 14 депутаттын 8и болуш керек эле. Аталган комитетте 7 депутат калган. Катышкан менен каршы добуш бергендин айырмасы бар, катышпагандардын «каршы» же «калыс» боло тургандыгын кантип эсептейт. Бул жыйынга күмөн санай турган себеп бар да. Эми бул төрт депутаттын чыгып кетиши «протест» көрсөтүүнүн бир жолу. Демек жыйын мыйзамсыз болуп калат».
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 31-октябрдагы жыйынында «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» Кыргызстан менен Өзекбстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун карап, комитеттеги жети депутат Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Миргуль Темирбаева, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасов жана Жылдыз Таалайбек кызы макулдугун беришкен.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда парламенттеги жабык жыйында билдиргендей, түзүлгөн макулдашуу боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна мурда талаш болуп келген 18 миң гектар жерди алуу пландалып жатат. Алар Жалал-Абад облусундагы Гавасай тилкесинен 13 300, Ала-Бука жана Оштун Кара-Суу районунан 4 127, Өзгөн районунан 500, Сузак районунан 500 гектар жер беришет. Ошону менен бирге ал Кемпир-Абаддагы сууну башкаруу үчүн эки өлкө биргелешкен ишкана түзүп, чогуу иштете тургандыгын билдирген. Келишим боюнча суунун деңгээли 908 горизонттон 900гө түшүрүлөт. Анда 1246 гектар жер бошоп, аны кыргызстандык жергиликтүү тургундар колдонот. Эгерде келечекте суу сактагыч турган аймактагы суу агып кете турган болсо, анда ал жерге Өзбекстан ээлик кылып кала берет.