Марал Радиосу

Депутат Кемпир-Абад маселесине мораторий киргизүүнү суранды

Бүгүн, 2-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад маселесин 3-4 жылдан кийин кароону, азыр ага мораторий киргизүүнү суранды. Депутат буга чейин дагы тармактык комитеттин жыйынында мораторий киргизүүнү сунуштаган.

Ал Кемпир-Абад маселеси боюнча шашылуунун кереги жоктугун, барып жеринде көрүп, документтер менен толук таанышкандан кийин гана чечм кабыл алыш керектигин белгиледи.

«Бул маселеге көпчүлүк кыжалат болуп турат. Беш жылга мораторий киргизип, ойлонбойлубу. Ошондуктан бул маселени карабай элек койсок деп суранат элем. Канча адамдардын назарына калбай, ушул чечимди кабыл албай эле койолучу.  Мен мамлекеттин башчысынан суранат элем, сизди шайладык эле, дагы алдыда саясатыңызды колдойлу, ушул өтүнүчүмдү эки кылбай бир карап көрсөңүз.Ошондуктан ушунча элдин жүрөгүн оорутуп, бул маселени карабай, токтотуп турсак жакшы болот эле. Шашкан шайтандын иши» , — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 31-октябрдагы отурумунда «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбооруна маданияттуу каршылык кылып, добуш бербей чыгып кеткендигин билдирди.

Кадырбеков Кемпир-Абад боюнча макулдашууга добуш берүүгө катышкан эмес