Марал Радиосу

Бекешев: Банктагы эсептерди жабуу инвесторлор үчүн терс көрүнүш

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүнкү жыйында «Азаттыктын» банктагы эсебинин бөгөттөлүшү терс көрүнүш экендигин белгиледи.

Анын айтымында, мыйзам боюнча банктагы эсеп үч эле учурда бөгөттөлөт.

«Биринчиси, эгерде салыктык карызы болсо. Экинчиси, акча адалдаштыруу, террордук уюмдарга же экстремистик топторго акча которсо.  Үчүнчүсү, соттун чечиминин негизинде жабылат. Көпчүлүк бул Азаттыка эле тийешелүү деп ойлошу мүмүкүн. Бирок бул банктык мыйзамдардын бузулушу тышкы инвесторлорго терс таасир этет. Бул окуядан кийин кимдин гана болбосун банктын эсебин бөгөттөйт деген түшүнүк пайда болуп, ишенбөөчүлүк жаралат. Банктарда акча кармоого болгон ишеним азайып жатат» , — деди Бекешев.

Ошондой эле ал эмне үчүн мындай кадамга барылгандыгы боюнча тиешелүү органдардан кеңири түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

31-октябрда «Азаттык» радиосу  «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлганын жарыялаган.