Марал Радиосу

Кадырбеков Кемпир-Абад боюнча макулдашууга добуш берүүгө катышкан эмес

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 31-октябрдагы отурумунда «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору каралган.

Ошол күнү комитеттин жыйынына 11 депутат катышкан. Алар: Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Миргуль Темирбаева, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасов, Жылдыз Таалайбек кызы, Чыңгыз Айдарбеков, Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков жана Эрулан Кокуловдор.

«Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоорун добуш берүүгө келгенде, төрт депутат чыгып кетишкен. Алар Чыңгыз Айдарбеков, Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков жана Эрулан Кокуловдор.

Буга чейин жыйынга Нуржигит Кадырбеков катышкандыгы үчүн кворум түзүлүп, ал «каршы» добуш бергендиги, макулдашуу колдоо тапкандыгы айтылган болчу.

Бирок Нуржигит Кадырбековго байланышканыбызда ал добуш бербей чыгып кеткендигин билдирди.

Мындан улам Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жабык эшик артында өткөн тармактык комитеттин отурумунун лигитимдүүлүгү суроо жаратып жатат.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жалпы 14 депутат мүчө. Кворум болушу үчүн жыйынга эң аз 8 депутат катышуусу керек болот.