Марал Радиосу

Депутаттар аскердик кызмат өтөөдөгү көйгөйлөрдү көтөрүштү

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Депутаттар бул багытта Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнө сунуш, пикирлерди беришип, бул тармактагы негизи көйгөйлөрдү көтөрүштү.

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору укук колдонуу практикасын эске алуу менен офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун чектүү курагын иретке келтирүү, аскер кызматчыларынын топтолгон профессионалдык билимин жана тажрыйбасын Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрө колдонуу максатында иштелип чыккан. Буга байланыштуу, офицердик курамдын аскердик кызматта болушунун чектүү курагын узартуу сунушталууда.

Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бир катар депутаттар демилгелеген. Алар: Сыдыгалиев Н.Ө., Айдарбеков Ч.А., Төлөнөв Д.Э., Алимжанов Ф.А., Атажанов Ы.Ы., Түмөнбаев А.Т., Акаев Ж.К., Примов У.Б., Султанбекова Ч.А., Жакышов Р.Ш., Атазов Ш.К., Ташиев Ш.К., Таалайбек кызы Ж., Култаева Г.О., Шакиев Н.Т., Маткеримов А.Т., Түлөбаев Б.З., Осмонов А.Ж., Садырбаева Ж.Э., Сулайманов Э.Н., Ажибаев Ч.И., Бакасов У.Б., Эрбаев А.Т.

Аскердик кызмат өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдик кызмат өтөө менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет. Мыйзам боюнча жарандардын үй-бүлөлүк абалына жана ден соолугуна байланыштуу маселелери болгон учурда аскер кызматын өтөбөөгө уруксат берилет. Мындан тышкары 25 миң сом төлөө менен альтернативдик кызмат өтөөгө жана 50 миң сом төлөө менен бир айда аскердик  кызмат өтөөгө болот.

Депутат Эльвира Сурабалдиева аскерге кызмат өтөө баардыгыа бирдей болуш керектигин белгилеп, бүгүнкү күндө колунда барлардын балдары корголуп, карпайым жарандардын балдары кызмат өтөп жүргөнүн белгиледи.

«Биз патриотторду качан чоңойтобуз, армиябызды качан чоңойтобуз? Финансылык жана моралдык «дедовщина» качан жоюлат? Ал баардыгы бирдей баш ийип, бирдей аскерге барганда. Эмнеге ошону киргизбейсиздер? 20-25 миң сому жок бала сөзсүз түрдө армияга барып калат экен. Каражаты бар бала армияга барбайт. Бул туура эмес. Колунда барларды коргой бергениңер туура эмес. 

Ал эми депутат Максатбек Сарбагышев Кыргызстандагы мектептердин баарына аскерге чейинки даярдык сабагын киргизүүнү сунуштады.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабдын жетекчиси Эрлик Тердикбаев мектептердин баарына аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагын, ал эми жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) аскер кафедрасын кайтаруу пландалып жатканын маалымдады.

«АЧД сабагы бир нече мектепте гана бар. Министрлер кабинети билим берүү уюмдарынын баарын камтуу боюнча тапшырма берген. Учурда бул дисциплина боюнча педагогикалык кадрларды тарбиялоо жана даярдоо маселеси каралып жатат. ЖОЖдорго 2016-жылы жоюлуп кеткен аскер кафедрасын кайтарууну пландоодо. Бүгүнкү күндө мындай кафедра бир гана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бар». 

Кыргызстанда негизинен туруктуу жашаган 120дан ашуун улуттун өкүлдөрү бар. Бирок Кыргызстандагы улуттук азчылыктар көбүнчө альтернативдик кызмат өтөөнү тандап алышаарын депутат Надира Нарматова белгилеп, альтернативдик кызмат өтөөнүн наркын 50 миңден 500 миңге чейин көтөрүүнү сунуштады.

«Баш мыйзам боюнча кайсы улуттан экендигине карабай, мамлекеттин алдында милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөш керек. Көп учурда улуттук азчылыктар альтернативдик кызмат өтөөнү тандап алышат. Алардын мындай жасап жаткандары одоно ката. Кечээ Баткендеги согушта көрдүңүздөр, ким мамлекет үчүн жанын курман кылып жатканын. Ошондуктан ушул маселеде жок дегенде аскердик кызмат  үчүн төлөй турган  сумманы көбөтсөңүздөр. Бүгүнкү күндө 25 миңден 50 миңге чейин төлөнөт экен. Аны ар бир үй-бүлөнүн шартына жараша 50 миңден 500 миңге чейин төлөй турган кылып, акыл-эси, ден соолугу ордунда болгондон кийин, жок дегенде аскерлердин шартын, сапатын өзгөрткөнгө каржы жагынан жардам беришсин». 

Аскердик кызмат ар бир кыргызстандык жаран үчүн милдет гана эмес, ошондой эле укугу да болуп эсептелет. Аскердик кызматын өтөп жатышкан ар бир жаран саясий укукка толук ээ болуп, ошондой эле аскердик бардык талапка баш ийүүгө милдеттүү.

Тажикстандын акыркы агрессиясынан кийин өлкөдө эң кыска убакта күч түзүмдөрүн реформалоо маселеси көтөрүлгөн. Анда Кыргызстандын армиясын күчтөндүрүүнүн зарылдыгы белгиленген.

Exit mobile version