Кыргызстандык Нурсултан Алтыбаев Түштүк Кореянын Сеул шаарында чет өлкөлүктөр арасында жарыяланган Түндүк жана Түштүк Кореяны «Тынчтык жолу менен менен бириктирүү» боюнча конкурста биринчи орунду утуп алды.
Бул конкурсту Түштүк Кореянын президенти төрагалык кылган “Демократия жана тынчтыкта бириктирүү” консултативдик кеңеши уюштурду.
Катышуучулар сентябрда өткөн конкурстун биринчи турунда Түндүк жана Түштүк Кореяны кантип тынч жолу менен бириктирүүгө болот, кайсы кадамдар жасалышы керек, кандай көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн деген сыяктуу суроолордун негизинде изилдөө жүргүзүп, сунуштарды беришкен.
Нурсултан Алтыбаевдин изилдөөсү жактырылып, конкурстун 1-турунан өткөн. Финал 23-октябрда болуп, анда катышуучулар биригүү боюнча изилдөөлөрүн калыстардын алдында презентация кылышкан.
Алтыбаев «Марал» радиосуна маек куруп, Түндүк жана Түштүк Кореяны тынчтык жолу менен бириктирүү тууралуу кандай сунуштарды бергенин айтты:
«Мен эки Кореянын биригүүсү Түштүк Корея үчүн пайдалуу болорун эске алып, өлкөнүн өкмөтү, эли ошого аракет кылышы керектигин баса белгиледим. Негизги үч маселеге токтолдум. Биринчиси, эгер эки Корея бириксе, Түштүк Кореядагы азыркы экономикалык маселелер чечилип, өсүш камсыздалат. Экинчиси, социалдык маселелер, үчүнчүсү коопсуздук жагына токтолдум.
Бирок шашылыш кабыл алынган чечимдер бир топ көйгөй жаратышы мүмкүн экенин айттым. Мисалы, алар баары бир 70 жылдан бери өз алдынча улут болуп калыптанып калган, бириккенден кийин улут аралык коопсуздук маселеси козголушу мүмкүн.
Андан тышкары, эки өлкөнүн экономикасын теңеш үчүн көп чыгым кетет. Түндүк Кореянын азыркы ички жана тышкы карызын Түштүк Корея жабышы керек болот. Бул аябай көп инвестицияны талап кылат. Мунун баары эл арасында нааразылык пайда кылышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Ошого жеткирбеш үчүн азыртадан даярдануу керек деген сунуштарды бердим.
Биригүү боюнча азыркы жаштар көбүрөөк иштеши керектигин белгиледим. Себеби буга чейин согуш учурунда бөлүнүшүп кеткен туугандарын гана жолуктуруп келишкен. Алар көбүнчө улуу муундагы кишилер. Бирок азыркы жаштарды бириктирүү, байланыштыруу боюнча көбүрөөк иштөө керек. Мен изилдөөмдө ушундай сунуштарды бердим. Кудай буюруп, биринчиликти алдым» , — деди Алтыбаев.
Биринчи орун үчүн грамота жана 1.000.000вон акчалай сыйлык тапшырылган.
Нурсултан Алтыбаев Түштүк Кореянын Ханян университетинин бүтүрүүчүсү, Unicourse окуу борборунун Бишкектеги директору. Ал Түштүк Кореяда окуп, иштеп келген. Учурда кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлөрүн Кореяда окууга жиберүүгө, иштөөнү каалагандарга да жардам берип келишет.