Айыл-чарба министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин башкы адиси Таалай Адыловду кепке тарттык. Ал бизге көчөт тандоо, аны отургузуу жана өстүрүү тууралуу маек курду.
Таалай мырза, саламатсызбы? Азыркы учурда күзгү көчөттөрдү отургузуу иштери жүрүп жатат. Сиз тажрыйбалуу багбан катары көчөттөрдүн кайсы учурда отургузууну сунуштайсыз? Кеч күздө отургузууга кандай карайсыз?
— Эгерде кыш мезгили жеңил болсо, күзүндө да көчөт отургузууга болот. Суук катуу болсо көчөттөрдү үшүк алып кетет. Колдон келсе жазында, март айын ортолоп, апрелдин ортосуна чейин отургузуу сунушталат.
Жазда отургузулган көчөттөрдү деле кышында үшүк алып, куурап калган учурлар көп кездешет эмеспи. Мунун кантип алдын алса болот?
— Аны көрүш керек. Көпчүлүк көчөттөр “монилиоз”, “коккомикоз” деген оорулар менен ооруйт. Мындай көчөттөр жайдын күнү эле билинет, жалбырактары бүрүшүп, саргарып калат, суу жетпегендей болуп. Ошол катып баштайт дагы жазга чыгып эле кургап калат. Анын алдын алуу жолу – туура сугарып, жер семирткечтерди нормасынан ашырбай туура берип, чириген кыктардан салып, анын иммунитетин көтөрүш керек. Анан ошол ооруларга каршы дарылар болот, ошолорду алдын ала чачып, караш керек.
Бак тигүүгө жаңы киришип жаткан багбандарга кандай кеңеш бересиз? Кандай көчөт тигиш керек? Алардын сортторун кантип тандашат?
— Көчөттү алып жатканда сапатын караш керек. Азыр чет жактан тоңдурулган көчөттөр келет, кээ бир оорулар ошол көчөттөр менен келип, башка көчөттөргө дагы жугуп кетип жатат. Көпчүлүк арзанын тандап, 20-30 сомдук көчөт ала берет. Алып жатканда тамырларына жакшылап көңүл буруш керек, жакшы, сапаттуусун тигип алса ал 50-60 жылдап мөмөсүн берет. Анан кээ бирлер багынын баарына бир эле сортту тигип салат. Мисалы, көлдө 2010-жылдары “султан” деген сорттогу өрүктү казактар келип, эки жыл катарынан алган 60 сомдон алган, “королевский”, “никитский” деген өрүктөрүбүз 20-30 сомдон болуп турган учурда. Анан казактар “ушундан тиккиле, биз алабыз” деп айтып койсо, элдин баары жапырт “султанды” тигип баштаган. Биз ошондо “аралаштырып тиккиле, “королевский” менен “никитский” аралаштыргыла” десек болбой бир сортту тигип алышкан. Азыр “султан” сортун бекер берсең да эч ким албайт. Эми айла жок ошолорду кайра кыйып, убара болуп жатышат. Айтсак, өзүм билем деп коюшат. Багбанчылык кылам дегендер адистер менен иштешип, кеңештерин алып турушу керек.
Ошол ар кандай сорттогу алмалардын кайсынысы кандай шартта каралат?
— Сорттор негизи экиге бөлүнөт: бири илгерки бийик бойлуу, 5-6 жылдан кийин мөмө берет, бирок 60-70 жылга чейин жашайт. Анан ыргалдуу (карлик) багбанчылык деп коет, быйыл тиксе, эмдиги жылы түшүм ала баштайт. Алардын жашоосу 10-15 жыл, андан кийин кайра алмаштырыш керек болот. Бирок ага бир гектарына 30 миң АКШ доллар чыгаша кетет. Андан да ар бир түптүн астына мамы орнотуп, өсүмдүктү ага байлаш керек. Дагы кошумча, ага жер шартынын асылдуулугу жогору болушу зарыл.
Булардын кайсынысынан канча түшүм алууга мүмкүн? Кирешеси кандай болот?
— Кирешеси, ыргалдуу багбанчылыкта экинчи жылы жарым чакадан берет. Андан кийинки жылы бир чакадан берет. Мисалы, бир гектар жерге тиксе, 5-6 жылдан кийин 30 тоннадан 50 тоннага чейин алса болот. Ал эми бийик бойлуу бактар болсо, беш жылга чейин мөмө бербейт, аны ошого чейин жакшылап караш керек. Бирок 10-15 жылдан кийин бир түптөн 150-200-250 килограммга чейин түшүм алууга болот. Эгер 100 түп эксеңиз, кеминде 15 тонна берет. Бирок, айрымдар ойлогондой тигип коюп, 10 жылдан түшүмүн алам деген туура эмес. Аны да бала карагандай карап, туура сугарып, туура азыктандырып, туура бутап туруш керек. Бутоо аябай маанилүү. Айтор, жакшы караса мээнетти актайт, мен 25-30 жылдык тажрыйбам менен ишеничтүү айта алам.
Эми бул көчөттөрдү отургузууда, аны өстүрүүдө эмнелерине көбүрөөк көңүл буруу керек?
— Көчөттү отургузуп жатканда “киндик” деп коет, ошого маани бериш керек. Эгерде ал көмүлүп калса, өспөй калат, өссө да мөмө байлабайт. Ошол нерсе жерден 10 см чыгып турушу керек. Анан чириген кык сөзсүз салыш керек. Малдын чирибеген кыгын салганга такыр болбойт, ал тескерисинче курттатып, оорутат. Себеби анда паразит, щелочь, бактериялар болот. Анан күзүндө фосфор деп коет, ошондон ар бир көчөткө 50-100 грамм салып коюш керек. Ал таасирин дароо бербейт, 4 айда берет. Ошондо кеч күздө салсаңыз, жазга чыгып таасир берет.
Таалай мырза, маегиңизге рахмат!