Марал Радиосу

Тышкы карызды экологияны коргоо менен азайтуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бүгүн, 26-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын системасын өнүктүрүү, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору талкууланды.

Анда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун учурдагы абалы жана буларга тиешелүү мыйзамдарды жакшыртуу, жаратылышка зыян келтиргендерге айыппулду жогорулатуу маселелери жөнүндө сөз болду. Мындан сырткары экологияны коргоо менен мамлекетке пайда алып келүүнүн жолдору айтылды.

Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасы азыркы учурда туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо  боюнча долбоорун ишке ашырып жатат.

Анын негизги максаты — уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биологиялык артүрдүүлүктү сактоо, жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам берүү болуп саналат.

Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар боюнча мыйзамдардын жана укутук-ченемдик актылардын иштелип чыгышына 10 жылдан ашты. Ал эми кээ бир стратегиялык документтердин мөөнөтү өтүп кеткен.

Заман тездик менен өнүгүп жаткандыктан бул мыйзамдар бир топ  өзгөртүүлөргө муктаж экенин Био артүрдүүлүктү сактоо депртаментинин жетекчиси Эмилбек Ибраев билдирди.

“Буга чейин биоартүрлүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына тиешелүү болгон ак илбирсти жана суу, саздак жерлерди сактоо боюнча өкмөттүн стратегиялары бар эле. Алардын баарынын мөөнөтү бүткөн. Бүгүн эскперттер менен буларды кайра карап чыгып, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип жана мунун алкагында жаратылышка болуп жаткан азыркы басымды азайтууга мыйзамдык актыларды иштеп чыгууга тараптарды тартууну пландап жатабыз”.

Биологиялык артүрдүүлүк бул – жаратылыш, жаныбарлар, өсүмдүктөр жана табигый экосистемалар.

Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Визал өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарда жана биоартүрдүүлүктү сактоонун зарылчылыгын белгиледи. Айрыкча адамдын биологиялык ар түрдүүлүгүнүн жаратылышы менен болгон мамилесин карап чыгууну маанилүү деп эсептейт. Бул адамдарга киреше булактарын кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

“БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорду каржылоонун эки түрү бар. Мисалы: Кыргызстандын тышкы карыздары бар. Бул карыздарды экологияны коргоого чакырган иш-чаралары жана аракеттери аркылуу азайтуу жолдору да каралат. Биз өкмөттүн өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруудабыз. Азыркы тапта эмнелерге каражат бөлүү керектиги жөнүндө сүйлөшүүлөрдү алып баруудабыз”.

Нарын облусундагы “Салкын-Төр” мамлекеттик сейил багынын жетекчиси Рахатбек Токталиев аталган аймакта био артүрдүүлүктү сактоо боюнча кандай иштер алып барылып жатканын айтып берди.

“Коруктарда жана сейил бактарда атайын иш-чаралар өткөрүлөт. Биринчи коргойбуз, андан кийин атайын фотокапкандарды коюп көзөмөлдөйбүз. Бул акыркы жылдары жакшы натыйжа берип жатат. Ак илбирсти коргоо боюнча элге да түшүндүрүү иштери жүргүзулүп келе жатат. Мындан улам коомчулукта да түшүнүк пайда боло баштады. Ак илбирстин саны көбөйүп баратат. Фотокапкандар коюлгандан бери алардын так саны да билине баштады”.

Өткөн жылы мамлекет башчы Садыр Жапаров да Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын катышуучуларынын он бешинчи кеңешмесиндеги видеокайрылуусунда климаттын өзгөрүшүнүн улуу Тянь-Шань менен Памирдин экосистемасына тийгизген терс таасири күн өткөн сайын көбүрөөк сезиле баштаганын белгилеген.

Бул себептен улам, кызыкдар мамлекеттер менен бирге иштешип, тоонун биотүрдүүлүгүн коргоо үчүн адаптациялоо чаралары көрүлүп жатканын, Ак илбирс асыл жаныбарларынын тукумунун жок болуп кетишине жол бербөөнү  ийгиликтүү эл аралык демилгелер ишке ашырып жатканын айткан.

Exit mobile version