Марал Радиосу

Блогер Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды

Блогер жана активист Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды. Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаардык сотунда Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, аны үй камагына чыгаруу чечими чыкты.

10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы блогердин абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан чечимин чыгарган. Ал №1 тергөө абагында болчу.

«Полит узник» фейсбук баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, камакка алынган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.