Марал Радиосу

Жогорку Кеңештин аппарат башчысы алмашты

Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койду.

Жогорку Кеңештин аппаратын буга чейин Бакытбек Мажитов жетектеп келген.

Шабданбек Алишев Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө, Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде ар кандай кызмат орундарында иштеген.

2022-жылдын 1-февралынан тарта Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун орун басары болуп эмгектенген.