Марал Радиосу

«Кыргызавтожол» айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну эскертет

Автоунаа жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу сунушталууда.

«Кыргызавтожол» ишканасы унаа ээлерине алыс жолго чыкканда чынжырча жана күрөк алып жүрүүнү сунуштайт.

Бүгүн, 24-октябрь күнү саат 9:00дөн баштап Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Сосновка пунктундагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр алынды.

23-октябрь күнү кечки саат 17:30да жасалма тыгындарды болтурбоо максатында жана аба ырайы жакшырганга чейин жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.