Марал Радиосу

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

24-26-октябрь күндөрү Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан кабарлашты.

Газ берүү Пригородное айылынын Юбилейная көчөсүндө жайгашкан орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрдү кайрадан кошуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Мыскал, Чоң-Чүй каналы, Новая жана Республика көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ эки күнгө өчүрүлөт.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.