Марал Радиосу

«Манас» аэропортунда Duty Free дүкөнү ачылды

«Манас» эл аралык аэропортунда эки мультибренддик Buy&Fly Kyrgyzstan алымсыз соода дүкөнү ачылды. Жаңы Duty Free дүкөндөрүндө Tom Ford, Chanel, Swarovski жана башка белгилүү брендтердин «товарлары» сатылууда.

Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматы кабарлады.

Төлөмдөрдү накталай жана накталай эмес формада ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар. Төлөм рубль, доллар, евро, андан тышкары банк карталарынын бардык негизги түрлөрү аркылуу кабыл алынат.

Жалпы аянты 506 чарчы метрди түзгөн 2 дүкөндү Helios Duty Free компаниясы ачты. Алар учуруу залында – аэропорттун экинчи жана 3-кабатында жайгашкан.