Жекшембинин таңында Кемпир-Абадды коргоо комитенин бардык мүчөлөрүнүн үйүнө күч кызматкерлери тинтүүгө келгени айтылды. Кечинде жалпы 19 жаран, саясатчылар жана активисттер ИИМдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. 22-октябрда саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн эле. Алар Кемпир-Абад боюнча документтерди коомчулукка жарыялоону жана чек ара маселелерин Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде кароону талап кылышкан. Массалык камоолор эмненин көрсөткүчү жана эмнелерге алып келиши мүмкүн? Өлкөдөгү акыркы саясий абал боюнча эксперттердин пикирин тыңдадык.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында «айрым адамдардын массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.
Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова билдиргендей, Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалды. 20 адам 48 саатка кармалып, Бишкектеги жана Чүйдөгү убактылуу кармоочу жайларга киргизилген.
Саясатчы жана активистерден Кеңешбек Дүйшөбаев, Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Азимбек Бекназаров, Жениш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Улугбек Маматаев, Чыңгыз Капар, Али Шабдан, Талант Эшалиев, Айданбек Акматов, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Таалай Мадеминов, Эрлан Бекчоро уулу, Атай Бейшенбектер кармалган.
Ал эми экс-депутат Канат Исаев бир айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Журналист Канышай Мамыркулова милицияга сурак берип чыккан.
«Кечээки тинтүү жана камака алуу маалында адам укуктары бузулган. Милиция кызматкерлери кайсы иш боюнча келгендиги боюнча маалымат берген эмес. Ошол эле учурда орой мамиле болгондугун көрүп жатабыз. Бир учурда коркутуу болуп, милиция кызматкерлери тарбынан «мен сени өлтүрүп коем» деген дагы сөздөр айтылган. Тууган-туушкандары аларды телефонго таратабыз дегенде каршылык көрсөтүшкөн. Үйлөрүн тинтүү учурунда алардын туугандырынын жана балдарынын ноутбук жана телефондорун алып кетишкен. Ал ишке канчалык туура келет, ал чоң суроо. Андан сырткары кармалган жарарандарга коюлган күнөөлөр чаржайыт. Мисалы, БШКнын мурунку мүчөсү Гүлнара Журабаевага «курал-жарак колдонгон жана кызматын ашыкча пайдаланган» деген күнөө коюлган. аларга коюлуп жаткан күнөөлөр бир типтүү эмес, чаржайыт болгону көрүнүп турат. Биз УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, тергөөнүн купуя сырдуулугун сактоону талап калып жатабыз. Тилекке каршы тергөө амалдарына байланыштуу аудио жазуулар чыгып жатканын көрүп жатабыз. Ким тараптан чыгарылып жатат, эмне себептен тергөөнүн купуялуулугу бузулуп жатат? Ошол тергөөнүн купуялуулугун бузган адамды аныктап, чара көрүүсүн талап кылып жатат. Анткени биз ошондой матералдарды чыгаруу менен соту жок эле адамдарды күнөлүү деп тапканга негативдүү тапканга аракет. Ошондой эле тергөө иштеринде коркутуулар, кыйноолор, «имиштер» болбош керек. Жогоруда аталгандарды Камчыбек Ташиевден талап кылып жатабыз».
22-октябрда Кемпир-Абадды коргоо боюнча пикирин билдирген жарандык активисттер жана саясатчылардын үйү тинтүүгө алынып, 48 саатка кармалса, бүгүн Өзгөн районунун тургуну Акыл Айтбаевди милиция кызматкерлери эч кандай кагаз, документтерди көрсөтпөй, күчкө салып, алып кетишкендигин анын жакындары жазышты. Кечээ Айтбаевдин үйүнө дагы милиция кызматкерлери барышкан.
Саясат тануучу Эмил Жороевдин айтымында, чек ара боюнча эркин ой жүгүркөн жарандардын кармалышы туура эмес жана ойлонулбаган иш аракет.
«Менимче бул жекшемби күнү болуп өткөн кармоолор жана камоолор, тинтүүлөр бийлик тарабынан болгон өзгөчө коркуу сезими. Буга чейин бийлик тарабынан бир канча сөздөр, «миштер» айтылып жатты эле. Ошонун негизинде эркин сөз айткан, эркин каршылыгын билдирген, эң эле орчундуу маселе болгон чек ара маселесинде каршы сүйлөгөн жарандар бийликке доо кетирет деген коркунуч пайда болду окшойт. Бул өтө туура эмес жана ойлонулбаган иш болуп жатат. Бул иш-аракет эл тарабынан туура кабыл алынган жок. Ким каршы болсо, ким бийликтин кылганын колдобосо, ошолорду камоо менен көндүрөбүз дечү болсо, бул -бийликтин эң чоң катасы болот. Мындай аракеттер жаңы бийлик келгенден бери эле, аларга сын айткан, пикирине кошулбаган жарандар менен тийл табыша албай койгону өтө кейиштүү. Буга чейин президент өзү дагы ага тил айткандарды тилдеп, ар кандай ат коюп, кемсинтип, цивилдүү маанилүү диалогго барганга бел байлай албай коюшту. Кечээги кадамы анын результаты болдуго дейм. Бул Кыргызстандын саясий өнүгүшүнө оң таасирин тийгизе албайт».
22-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн. Ага бир канча жарандар мүчө болуп киришкен.
Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек акыркы окуяларды бийликтин коом менен коммуникацияга бара албагандыгынын көрсөткүчү катары баалады.
«Тилекке каршы биздин өлкөбүз үч революцияга карабай ошончолук бийлик алмашууга, толкундоого карабай, мурункулардан сабак албаганын көрсөтүп жатат. Ошондой эле авторитардык режимге түшкөнүн көрсөтүп жатат. Башкача айтканда бир кишинин бийлиги, бир кишинин каалоосунун тегерегиндеги нерселер өлкөбүздү азыр туңгуюкка кептегени жатат. Кандай болгон күндө дагы бийлик коом менен коммуникация кылса болмок. Болуп өткөн окуялар билйиктин коом менен коммуникация кыла албаганынын көрсөткүчү. Анткени Кыргызстандын эң чоң артыкчылыгы ошол сөз эркиндиги. Эң чоң кыйынчылыктарда ушул жарандык коом Кыргызстанды сактап калды. Кыргызстандын жапайы өлкөгө айланып кетмей кармалып турушу ошол сөз эркиндигинен болуп жатат. Ушулардын баарын четке кагып, Кыргызстан өзүнүн артыкчылыгын көрбөй жатат. Бүт кыйынсчылыктарда жардам берген жарандык коомду жазалап, кандай гана болбосун эптеп бийшигин сактап калуу аракетин көрүп жатат. Коом менен коммуникацияга барып, байланышты жакшыртса, маселе башкача чечилмек. Акыркы окуялар коомду кескин түрдө чыңалууга алып барып, коомдун түрдүү катмалары бир-бирине каршы чыгышы мүмкүн».
Экс-депутат Эсенгул Исаков учурда эки тарап сөзсүз турдө диалогго барыш керек экендигин белгиледи.
«Бүт иш диалогдун аркасы менен бүтүшү керек, минтип эки тарап бир-бири менен кармашкан болбойт. Бийликтин аргументин чоң аянтчада угуш керек. Президент «Жогорку Кеңешке ратификацияга келгенде ачыкка чыгат, ошондо угасыңар» деп жатат. Мен ошону күтүп жатам. Оппозиция деле ошону күтсө болмок, ал эми аны -муну уштуруунун кереги жок болчу. Ошондо оппозициячыл болгондор аргумент менен чыгып, туурабы-туура эмеспи деп айтса болмок. Жогорку Кеңешке чыгара турган күнү элге да ушундай маселе коюп жатабыз деп ачыкка чыгарып коюш керек. Ошондо жакшы болмок, бирок биз ага жетпей жатабыз. Мамлекеттин ичиндеги өзүбүздүн ызу-чуу, биздин сырткы саясатыбызга катуу таасир этүүдө».
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов видео кайрылуу жасап, саясатчы жана активисттердин кармалышы боюнча үн каткан. Ал укук коргоо органдары башаламандык, тартипсиздиктерге баруунун алдын алуу үчүн тергөө амалдары жүргүзүп жатканын айтты. Ал элдин кызыкчылыгы үчүн бийлик көп иштерди жасап жатканын айтып, «башаламандыкка үндөгөндөрдү ээрчибегиле» деген оюн айткан.