Марал Радиосу

Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу жүрүш өтүүдө

Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу тургундар жөө жүрүшкө чыгышты. Социалдык тармактын колдонуучулары жүрүштөн видео жарыялашты.

Алар колдоруна «Кемпир-Абад кыргыздын жери!», «Кемпир-Абад калсын!» «Кемпир-Абад түштүктүн Ысык-Көлү!» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда парламентте берген маалыматына ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна кенемте катары 18 миң гектар жер алуу пландалууда.

Алар Жалал-Абад облусундагы Гавасай тилкесинен 13 300,

Ала-Бука жана Оштун Кара-Суу районунан 4 127,

Өзгөн районунан 500,

Сузак районунан 500 гектар жер беришет.

Бирок Кемпир-Абаддагы сууну башкаруу үчүн эки өлкө биргелешкен ишкана түзүп, чогуу иштетет.