Марал Радиосу

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу залы ачылды (сүрөт)

Бишкек шаарындагы «Жаштык» массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциянын базасында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыгуу залы ачылды. 

Курулушу үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде башталган. Анда медициналык реабилитациялык бөлмө, күрөш залы, спорт залы, конференц-залы, кир жуучу жай, машыктыруучу бөлмө, эс алуу бөлмөсү, мейманкана бөлмөсү жана башкалар каралган.