Марал Радиосу

Кыргызстан менен Индия темир жолун куруу боюнча кызматташат

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен Индиянын RAIL VIKAS NIGAM LIMITED компаниясы темир жол инфраструктурасы боюнча кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.

Меморандумга «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жана индиялык компаниянын директору Винай Сингх кол койду.

Меморандумда темир жол куруу, линияларды электрлештирүү жаатында кызматташуу каралган.