Марал Радиосу

Туткунга түшкөн 108 украиналык аял куткарылды

Украина менен Орусия кең көлөмдүү туткундарды алмашуу операциясын өткөрдү. Бул тууралуу кечээ, 17-октябрда Украина президентинин офисинин жетекчиси Андрей Ермак билдирди.

Ушундай эле маалыматты Орусиянын расмийлери да билдирди. Орусия тарап 72 деңизчи Украинадагы туткундуктан бошотулганын кабарлады. Ал эми Украинада бул алмашуу «өзгөчө сезимтал» операция деп аталууда. Анткени алгачкы жолу туткундагы 108 аял куткарылды.

Орус аскерлерине колго түшкөн украиналык аялдардын 35и Украинанын куралдуу күчтөрүндө, 32си аскердик-деңиз флотунда, 12си аймактык коргоонуу күчтөрүндө, сегизи улуттук гвардияда, бешөөсү мамлекеттик атайын транспорт кызматында, төртөөсү мамлекеттик чек ара кызматында иштеген. Калган 12 аял жай тургундар болгон.

Туткундан куткарылган украиналык аялдардын эң улуусу 62 жашта болсо, эң жашы 21де.