Марал Радиосу

Активдерди адалдаштыруу дагы да жеңилдетилет

Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзамынын долбоорун жана «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өттү. Бул мыйзам долбоору биринчи кезекте «көмүскө» экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталган. 

Жыйында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов баяндама жасап, мыйзам долбоорунун негизги максатына токтолду.

«Долбоор жеке жактардын мүлктөрүн, анын ичинде башка жактарга номиналдуу катталган же Кыргызстандын чегинен тышкары жайгашкан мүлктөрүн декларациялоо учуруна карата ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун натыйжалуу укуктук механизмин түзүү, Кыргызстандын экономикасына ички жана сырткы инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканын көрсөткүчүн азайтуу, активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул мыйзамда каралган мүлктөрү ыктыярдуу декларацияланганга чейин болушу мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоо максатында иштелип чыккан».

Кыргызстандын эгемендик тарыхында 3 жолу мүлктү легалдаштыруу компаниясы өткөрүлгөн. Ал 2008-2009, 2013- 2014-жылдары өткөн. Бир гана 2013-14-жылдары 9840 адам декларация тапшырып, өзүнүн мүлкүн легалдаштырган. Анын ичинде 83 декларант 37 млн 350 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөнүүчү төлөм төлөгөн. Бирок аларга карата кылмыш иши козголгон учурлар кездешкен.

2020-жылдын декабрындагы мыйзамга ылайык, учурда 4-легалдаштыруу кампаниясы жүрүп, ал ушул жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Ага ылайык, 70 млн сомго чейинки сумманы легалдаштырууда төлөм жок, бирок андан ашса, мисалы, 200 млн сомго тапшырса, анда 2 млн сом төлөйт деген шарт коюлган. Ал найтыжасыз болуп, 8 гана декларант тапшырды деген маалымат бар.  Ошондуктан учурда дал ушул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Жаңы мыйзам добооруна ылайык 100 млн сомго чейинкисинин эч кандай төлөм төлөбөйт. 100 млн сомдмон канча ашык болсо дагы бир жолку төлөм менен 1 млн сом гана төлөйт. Бул легалдаштырылган сумманы белгисиз кылуу максатында аткарылып жатат.

Башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулу жарандар мүлктөрүн ыктыярдуу түрдө декларациялоодо мамлекет тарабынан берилүүчү кепилдиктер боюнча баяндама жасап, декларациядагы маалыматтар анын каалоосунан башка убакта ачыкка чыкпоо кепилдиги бар экендигин жана мүлкүнүн келип чыгуу булактары боюнча маалымат берүүдөн бошотула тургандыгын белгилди.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев жаңы мыйзам долбоорунун мырдагы мыйзам долбоорунан арыкчылыктуу жактарын атады.

«Бул мыйзам долбоорун даярдоодо ишкерлер кеңир катышып, алардын берген сунуштары эске алынды. Декларацияда камтылган маалыматтар декларанттын жашыруун сыры болот. Тапшырылган декларация бир гана нускады болот. Активдер боюнча декларациялардын реестерине да киргизилбейт. Ошондой эле ушул мыйзам  күчүнө киргенге чейин жеке жактар тарабынан берилген декларациялар расмий түрдө жок кылынат». 

Мыйзам долбоору ишке киргенден кийин 3.5 млн адам декларациятапшырат деп болжолдонууда. Кийинки жылдан баштап бюджеттен каржыланган ишкер адамдар, андан соң чет өлкөлүк уюмдардан айлык алгандар, 300 миң сомдон ашкан буюмду бир сатып алган адамдар тапшырышат. 2023-жылдан баштап салык салынчу киреше алган адамдар тапшырса, 2025-жылдан баштап 18 жаштан жогорку бардык жарандар декларация тапшырып баштайт.

ЖИАнын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев декларанттарга рейдерлик алып коюулар боюнча дагы мамлекет тарабынан кепилдик болушу керектигин белгиледи.

Талкуу маалында депутат Жаныбек Кыдыкбаев мыйзам долбоорун колдоорун билдирип, ишкерлердин мыйзамдык жактан корголушу өлкөгө инвестициянын келишине шарт түзөт деген ойдо.

Ал эми эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков мыйзам долбоорунун идеясы жакшы экенин, бирок эл аралык практика көрсөткөндөй, бул концепцияны бир нече гана мамлекеттер ийгиликтүү ишке ашырганын белгиледи.

Андан соң Сыдыков легалдаштыруунун сунушталып жаткан механизминин кайра иштеп чыгууну талап кылган аспектилерине токтолду. Атап айтканда, каралып жаткан мыйзам долбоорунда декларацияланган активдердин реалдуу баасын төмөндөтүүгө жол берген ченемдер камтылганын айтты.

Өз кезегинде мыйзам долбоорунун авторлору сунуштарга ачык экендиктерин билдирип, демилгенин маңызы легалдаштыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, мүлктүн сакталышына кепилдиктерди берүү экенин маалымдашты.

Иш-чаранын соңунда бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов активдерди легалдаштыруунун натыйжалуу укуктук механизмин иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, ишкерлердин жана эксперттик коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Exit mobile version