Марал Радиосу

Өзбекстандын калкынын саны 36 миллионго чукулдады

Өзбекстандын мамлекеттик статистика комитетинин маалыматтарына караганда өлкөдө калктын саны ар ай сайын 61,1 миң кишиге көбөйүп турган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматта, Өзбекстанда 2022-жылы калктын саны орточо эсеп менен күн сайын 2 миң кишиге көбөйүп жатканы айтылат. Учурда калктын жалпы саны 35 млн 800 миң. 36 миллионго 2023-жылдын башында жетери күтүлүүдө.

Өзбекстан калктын санынын көптүгү боюнча КМШда үчүнчү орунда. Ал эми төрөлүү темпи боюнча Өзбекстан КМШ аймагында эң алдыңкы сапта.