Марал Радиосу

«Авторитардык система — сабатсыздыкты өрчүтүп, жакырчылыкка жетелейт»

17-октябрь Эл аралык жакырчылыкты жоюу күнү. Жакырчылыктын деңгээли боюнча  Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтө калууда. Өлкөдө кээ бир аймактарда, маселен Баткен, Жалал-Абад жана Нарында калктын 35% жакырчылык чегинен төмөн деңгээлде жашайт. Ошол эле учурда Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча быйыл Кыргызстанда жакырчылык 35 пайызга жетиши мүмкүн. 

Азык-түлүктүн кескин кымбатташы, жумушсуздук, киреше булактын жоктугу, саясий туруксуздук, жумушчу орундардын жоктугу, инфиляция,  финансылык сабатсыздык жана билимтин аздыгы жакырлардын санын көбөйүшүнө алып келип жатканы айтылып келет. Кыргызстанда бүгүнкү күндө расмий маалыматтар боюнча 25 пайыз, иш жүзүндө 80 пайыз эл жакыр жашаганы айтылат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Турбекова билдиргендей, жакырчылыкты жоюу максатында Эмгек министрлиги чакан иш баштоосу үчүн 2551 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берди.

«Коронавирус жана башка экономикалык көйгөйлөрдун негизинде Кыргызстанда жакырчылык өсүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы менен айтканда Кыргызстанда жакрычылыктын деңгээли 33,3%ды түзөт. Ал 2020-жылга салыштырганда 8%га өстү. Кыргызстан БУУнын Дүйнөлүк азык -түлүк программасынын алкагында 2021-жылдын декабрь айынан баштап, 2022-жылдын июл айына чейин Жумгал жана Кадамжай райондорунда пилоттук түрдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракт алкагында бир жолку берилүүчү социалдык жардам көрсөтүлгөн. Анын жыйынтыгынын негизинде Министрлер кабинетинин токтому менен 2800 үй-бүлөгө 100 сомдон берип, чакан бизнес ачууга көмөк көрсөтүлүп жатат. Тактап айтканда жөлөкпул алуучу үй-бүлөлөргө берилип жатат. Алуучулардын жакыр үй-бүлө деген социалдык паспорту, бизнес планы болушу керек. Бүгүнкү күндө 2551 үй-бүлөгө комиссия аркылуу берилди»

Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, Кыргызстанда 2022-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү жан башына орточо эсеп менен 7 миң 242 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,5%га өстү. Жашоо минимумунун наркы республиканын бардык аймактарында өстү. Жашоо минимуму – бир адамдын бир айда күнүмдүк оокатын «дурус» өткөрүү үчүн жетет деген акчанын өлчөмү. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 383 сом болгон.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров жакырчылыктын себептери катары Кыргызстанга чоң инвесторлордун келбегени жана жумуш ордунун жоктугун, ошондой эле калктын каржылык сабаттуулугунун жоктугун атап өттү. Экономисттин айтымында Кыргызстанда жакырчылык боюнча Баткен облусу биринчи орунда турат.

«Жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн жумушчу орунду түзүү маселеси турат. Бул дагы макроэкономикалык көрсөткүч. Жумушчу орунду инвесторлор, бизнесмендер түзөт. Акыркы үч жылды, же 2022-жылды ала турган болсок, азыр чоң инвестор деле жок. Чоң инвестор дегенде 100 млн доллардан өйдөрөөк акча менен келишсе, алар бир кыйла жумушчу орунду түзөт эле. Жакырчылцк боюнча мен да статистиканы карап чыктып, өтө төмөн жакырчылыкта 400 миңдей киши бар экен. Жалпысынан 1 миллиондон ашык киши жакырчылыкта жашайт. Статистика комитети жакырчылыктын чеги катары бир жылдык ирешеси 45 миң 700 сом деп берип жатат. Ал эми бир жылда 30 миңден аз тапкандар жакырчылыктын чегинен төмөн жашагандарга кирет. Кыргызстанда жакырчылык боюнча Баткен облусу биринчи орунда турат. Жакырчылыктан чыгуу жолдору көп. Буга чейин «Бир аймактан- бир проодукция» деген долбоор чыккан. Бирок ал долбоорлор аягына чыкпай калып келет. жылдын башында акча бөлүндү деген менен, жылдын аягында 50%га чейн акча бөлүнбөй калгандыгына күбө болобуз. Мамлекетти макроэкономикалык жактан стабилдештирүүнүн эң негизги жолу бул- инфляция менен күрөшүү. Инфляциянын аркасынан 2021-жыл менен 2022-жылга карата көрсөткүч өсүп кетти. Жакырчылктын көрсөткүчү болгон жылдык киреше 45 7оо деген сандар, азыркы күндө реалдуу тамак-аш баштыгын эсептеп келгенде башка көрсөткүч болуп калышы мүмкүн. Бизде инфляция расмий түрдө 15,3% деп атышат. Бирок Евразия банкы 20% деп жатат. Ошентип жакырчылыкты жоюунун жолу жумушчу орунду түзүү менен инфляцияга каршы күрөшүү. Инфляция өтө жакыр адамдарга аябай катуу сезилет».

Кыргызстанда катоого турган жумушсуздардын саны 10о 800, бирок статистикалык маалыматтар боюнча өлкөдө жумушсуздардын саны 150 миңден ашат. Бош жумуш орундары аз болгондуктан бир вакансияга 21 адам туура келет. Ошол эле учурда каттоого турган жарандардын квалификациясы төмөн жана кесипке ээ эмес жарандар. Эксперттер жарандарга карата социалдык-психологиялык жактан дагы жарандарды эмгекчил болууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтып келишет.

«Элим, барсыңбы?!» кайрымдуулук фонддунун жетекчиси Айдар Кубанычбеков жакырчылыктан чыгуу үчүн жарандардын билим деңгээлин жогорулатып, билимге инвестиция кылыш керектигин айтат.

«Негизи эле биз билмсиздик маселесин чечишибиз керек. Биз «Билим инвест» деген долбоорунун алкагында фонддун каттоосунда турган жарандарга билим бере баштадык. Жакыр үй-бүлөлөр мене иш алып барганда үйлөрүнө барып, социзилдөө жүргүзүлөт. Саат 11лерде барсаң, көздөрүн ушалап ошол убакта турган болушат. Баары эмес, бирок мындай учурдарды көп кезиктирдик. Өзү алты саны аман, түшкө чейин уктаса, жалкоо болгон адам албетте, жакыр болот. Аларды эмгекке жана жоопкерчиликке үйрөтүү керек. Биз долбоордун алкагында билим бере баштадык. Анткени билимсиздикти чечип алсак, бүт баары жакшы болот экен. Анткени окуп жаткан адам тил үйрөнсө, жумушка орношууда көйгө жаралбайт. Билимсиздиктин айынан алыс барбай эле, шаардан 10 км ылдый түшсөк эле шаардын таштанды полигону турат. Ал жерде жашоо башка. Ал жакта жашоо эмес, жашап калууга умтулуу болуп жатат. Эң өкүнүчтүүсү ал жерде иштеп жаткандар жаш балдар. Алар эртең биз кааласак да каалабасак дагы биздин коомго кошулат. Биз ар дайым жаштар биздин келечек деп кыйкырабыз. Бирок келечек билимдүү, акылдуу, ыйымандуу жаштарда».

Ушу тапта 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала бар же жалпы калктын 36 пайызын түзөт. Жакырчылык балдардын жеткиликтүү билим алуу жана тийиштүү кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Аларга «үй-бүлөгө көмөк» деген жөлөк пул берилет. Мурда жөлөк пулдун өлчөмү 810 сом болсо, ушул жылдын 1-июнунан баштап 1200 сом болуп өзгөргөн.

Экономист, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев сабатсыздык көп нерселерге себеп болгону менен ал дагы башка бир нерселердин натыйжасы деген оюн айтты. Ал дүйнө жүзүндө тоталитардык, авторитардык режимдеги системага багынып калган жарандар көбүнчө сабатсыз боло тургандыгын кошумчалады.

«Ким өзүнүн элинин билимдүүлүгүн, сабаттуулугунун камын көрдү? Кандай системада? Ким өз жарандарынын билимдүүлүккө ээ болушун, эң мыкты мектеп, эң мыкты университеттердин курулушана ээ болду жана Нобел сыйлыктарынын лауреаттарына шарт түзүп берген десек, ал сөзсүз түрдө демократиялуу коомдо жашаган калк. Бийликтин тең салмактуулугу жана сөз эркиндиги, сот системасынын бийик деңгээлдеги  ишеничке ээ болушу, жеке мүлктүн жана ишкерликтин корголушу, кепилдик беришине ээ болгон мамлекетте гана бакубатчылык, өнүгүү жана баардыгына тең билимдүүлү, сабаттуулук болот. Мектептердин жана мугалимдердин баарына бирдей жетиштүү болушу жана мугалимдердин баркталышы ошол жерлерде күтүлөт». 

Ушул жылдын 1-октябрына карата 108 миң адам жумушсуз деп катталган. Мындай көрсөткүчтөрдүн себеби катары инвесторлордун өлкөдөн чыгып кетүүсү, пандемиядан кийинки кризис айтылууда.

Дүйнөлүк экономикада калктын жашоосу үч критерий: насыялардын пайызынын төмөндүгү, жумушсуздардын аздыгы, ички дүң өндүрүмдүн киши башына канчалык көбөйгөнү менен аныкталат.

Exit mobile version