Марал Радиосу

Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган кароо сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында кесипкөй аткаруучулар үчүн өткөн сынак жыйынтыкталды.

Калыстар тобунун чечими менен баш байгени Бакыт Акматов утуп, 250 миң сом акчалай сыйлыкка татыды.

Биринчи орунду Турдукан Сарбанова алып, 160 миң сом утту,  2-орунду Калыбек Турганов 120 сом, 3-орунду Улукбек Токтоболот уулу 100 миң сом акчалай байгеге ээ болушту.

Калган катышуучуларга кызыктыруучу акчалай сыйлык тапшырылды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Замирбек Үсөнбаев атындагы кароо сынакты жыл сайын өткөрүп турууну сунуштады.

Кароо-сынак Замирбек Үсөнбаевдин репертуарындагы чыгармаларды аткаруучулар арасында өттү.