Бишкек шаарындагы 8-кичирайондо көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 4 батир өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кечээ, 16-октябрда саат 13:40 чамасында үчүнчү кабаттагы эки батирде өрт чыккан. Андан соң №61-62-батирлери, 4-кабаттын №65-66-батирлери, 5-кабаттын №69-70 батирлердин балкону, чатырдын жыгачтары, 2 даана устун, 6 терезе жана 6 эшик, жалпы 60 чарчы метр аянты күйгөн.
ӨКМ өрттүн себеби такталып жатканын билдирди.