Марал Радиосу

ӨКМ: Дайынсыз делген Орусиянын жарандары аман-эсен табылды

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголду делген Орусиянын эки жараны аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Айта кетсек, кечээ, 15-октябрда Чолпон-Ата шаарынын күн батышындагы Арал капчыгайына эс алууга кетишип, кайтпай калганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал күнү жерине 4 куткаруучу барып, таппай коюшкан.

Бүгүн, 16-октябрда ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу издеп чыгып, айтылган адамдарды таап, шаарга алып келишкен.