Марал Радиосу

ӨКМ: Ысык-Көлдө жоголгон Орусиянын жарандары изделүүдө

Ысык-Көл облусунда дайынсыз болуп жаткан Орусиянын жарандары изделип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кечээ, 15-октябрда Орусиянын эки жараны Ысык-Көл районундагы Арал капчыгайына эс алууга кетишип, кайтпай калганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу барып, таппай келишкен.

Издөө иштери бүгүн да улантылып жатканы, кошумча маалымат да берилери айтылды.